• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сапар Исаков маалымат жана басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 06.11.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков маалымат жана басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасында маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, куттуктоодо төмөнкүлөр айтылат:

"Урматуу маалымат жана басма сөз чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Кымбаттуу журналисттер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар-Кыргыз Республикасында маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.

Динамикалуу өнүгүп жаткан заманбап дүйнөдө-экономикада, маданият жана өлкөнүн турмушунда коомдук көз карашты түзүүдө, актуалдуу маселелерди чечүүдө жалпыга маалымдоо каражаттары чоң рол ойнойт.

Сиздердин ишиңиздердин арты менен биз дайыма социалдык, саясий, экономикалык чөйрөдө акыркы маалыматтар менен камсыз болуп турабыз. Мамлекеттик органдардын ачыктыгын, коомго жеткиликтүүлүгүн көрсөтүүдө салымыңыздар чоң. Мынан сырткары атуулдук сезимдердин күчөшүнө, басма сөз аркылуу жарандардын укуктарын коргоодо дайыма колдоо көрсөтүп, эл арасында алардын көйгөйү менен кошо жашап, дайыма жеткиликтүү маалымат менен камсыз кылып турасыздар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык көйгөлөр тууралуу ачык айткан журналисттердин эмгегин жогору баалайт. Биргелишип иш алып барууда биз дайыма диалогго даярбыз, биздин максатыбыз бир-гүлдөгөн коопсуз мамлекетти куруу, ал жерде ар бир адамдын кызыкчылыгы укугу корголушу зарыл.

Урматтуу журналисттер!

Бул майрамда жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык өкүлдөрүнө бакыт, ден соолук, ийгилик жана коомчулук тарабынан баалана турган чыгармачылык жаңыланууларды каалайм!”.

Пикир

Оставить комментарий