• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сапар Исаков: Мугалимдердин эмгеги менен өлкө өнүгүп анын келечеги түптөлүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Мугалимдердин эмгеги менен өлкө өнүгүп анын келечеги түптөлүүдө. Мугалимдер өнүгүүгө жана жаркын келечекке багыт алган коомдун башаты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-октябрда, «Мыкты мугалим-2017» республикалык кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоого арналган салтанаттуу иш чарада билдирди.

Өкмөт башчы мугалидик кесиптин өзгөчөлүгүн баса белгилеп, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Мугалимдерин жашоосуна жакшы шарт түзүү, алардын көйгөйлөрүн чечүү мамлекеттин жана коомдун башкы милдеттеринин бири деп эсептейм. Дал ушул сиздердин эмгегиңиздердин арты менен коомдо татыктуу жаштарды даярдап, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошо турган чыныгы атуулдарды өстүрүүгө болот. Ошондуктан сиздердин тажрыйбаңыздар, балдарды билимге кызыктыра турган талантыңыздар биздин мамлекет үчүн абдан керек», — деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Өкмөт башчысы баса белгилегендей, Өкмөттүн «Жаңы доорго-кырк кадам» Программасында илим жана билим берүүгө багытталган үч негизги кадам бар.

«Эгерде биз ушундай билим берүү илим тармактарын өнүктүрсөк, биздин өлкөбүздө сөзсүз өнүгүү болот. Азыркы тапта эмгек рыногунда суроо-талапты жараткан кесиптердин муктаждыгын камсыз кылуу үчүн ушул багыттагы адистерди даярдоо абдан маанилүү. Дагы бир эске сала турган нерсе, татыктуу кесипкөй кадрларды даярдоо аркылуу гана биз гүлдөгөн Кыргызстанды кура алабыз», — деп жыйынтыктады Премьер-министр Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий