• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сапар Исаков Нарын облусуна жумушчу сапар менен барат

Өкмөт 0

Бишкек, 29.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жеке курамынын кызматкерлерине жаңы турак-жайлардын ачкычтарын тапшырат.

Мындан тышкары, Сапар Исаков Нарын облустук ооруканасындагы гемодиализ үчүн алынган жаңы аппаратты көрүп, «Торугарт-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий