• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сапар Исаков Нуриза Кичинебатырованын үй-бүлөсүнөн кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 6-октябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында социалдык колдоого муктаж болгон Нуриза Кичинебатырованын үйүнө баш бакты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Нуриза Кичинебатырова жолдошу каза болуп, беш баласын жалгыз тарбиялап, багып келе жатат. Алардын болгон үй-бүлөлүк кирешеси жөлөк пул болсо, ал каражат беш баланы бакканга жетпейт.

Өкмөт башчы үй-бүлөгө колдоо сөзүн айтып, аларга Кочкор районунун базарынан сатып алган азык-түлүктөрүн берип, материалдык колдоо көрсөттү. Мындан сырткары жергиликтүү бийликке Нуриза Кичинебатырованын үй-бүлөсүндөгү социалдык көйгөйүн чечүүнү тапшырды.

Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөт тарабынан да бул багытта тиешелүү иштер жүрөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий