• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сапар Исаков онкологиялык оорулуу балага 2 млн сом бөлдү

Коом 0

Бишкек, 18.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков көздүн оор онкологиялык оорусунан жабыркаган 2 жашар Эрмек Замирбековго дарылануу үчүн 2 млн сом бөлдү.

Маалыматты баланын апасына Москвада дарылануу үчүн акча чогултууга жардам берип жүргөн телеалып баруучу Ассоль Молдокматова бөлүшкөн.

“Премьер-министр Сапар Исаков КУУнун окутуучусу Асел Кудайбергенованын уулу Эрмек Замирбековго дагы 2 млн сом бөлгөн. Сапар Жумакадырович, Сизге ыраазычылык билдирем, Сиз элдин мүдөөсүн билип турасыз жана өлкөдө карапайы мугалим же медициналык кызматкердин жашоосун түшүнөсүз. Сиз менен өлкө өнүгүп, алардын эмгек акылары он эселеп өсөөрүнө ишенем. Ден соолук, күч-кубат жана жогорку максаттарга жетүүдө чыдамкайлык каалайм. Баалайбыз. Сыйлайбыз”, - деп жазат Молдокматова социалдык тармактагы баракчасында.

Анын маалыматында, Эрмектин апасынын банктык эсебине 100 миң сом өкмөттүн балансынан, дагы 100 миң сом Билим берүү министрлигинен которулду. Жалпы аракеттер менен 6500 доллар топтолгон.

“Үч күн мурда биз россиялык “Настенька” фондуна химиотерапия курсу боюнча кайрылдык – бүгүн жооп келди. Алар дагы 350 мин рубль төлөп беришет. Бул 7 миң доллар болот. Жалпысынан 45 миң доллар 5 күндө жыйналган. Топтоо акциясы жабылды”,- деп билдирди Молдокматова.

Эскерте кетсек, буга чейин Молдокматова баланы дарылатуу үчүн каражат топтоо акциясын демилгелеген. Дарыгерлер баладан эки көзүнүн шишигин аныкташкан.

Пикир

Оставить комментарий