• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сапар Исаков Россия Федерациясына расмий сапары менен келди

Өкмөт 0

Бишкек, 29.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 29-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Россия Федерациясына расмий сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысын Москва шаарынын Внуково Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, Россия Федерациясынын КМШ өлкөлөрүнүн үчүнчү Департаментинин директору ТИМ Александр Стерник ардактуу кароол ротасынын катышуусунда тосуп алышты.

Премьер-министр расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Андан тышкары Өкмөт башчысынын белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышуу, Сколково инновациялык борборунун иши менен таанышуу, Москва шаарынын «Коопсуз шаар» мамлекеттик программасын көрүү, ВДНХ аймагында жайгашкан Кыргызстан павильону менен таанышуу жана Muras Clinic медициналык борборунун ачылышына катышуусу күтүлүүдө

Андан соң Сапар Исаков Россия Федерациясында жашаган мекендештер жана кыргыз диаспорасынын башчылары менен жолугушат.

Белгилей кетсек, 1991-жылдан бери өлкөнүн тарыхында Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы катары Россия Федерациясына барып жаткан расмий иш сапары болуп эсептелет. Буга чейин Өкмөт башчыларынын баардык иш сапарлары жумуштук маанини түзгөн.

Расмий делегациянын курамында Вице-Премьер-министр Дүйшенбек Зилалиев, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, Экономика министри Артем Новиков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов, Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Шекербек Камчыбек уулу, Премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков бар.

Пикир

Оставить комментарий