• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сапар Исаков: Швейцария – биздин жакын ишенимдүү өнөктөш

Саясат 0


Бишкек, 26-июль /Кабар/. Кыргызстандын президентинин аппарат жетекчиси Сапар Исаков КРдагы Швейцария Конфедерациясынын элчиси Ренэ Холенштайн менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.

Сапар Исаков өткөн жылдары биргелешкен аракеттер менен эки мамлекеттин тыгыз байланышы, жемиштүү кызматташуулары түзүлгөнүн белгиледи.

“Швейцария – биздин ишенимдүү жакын өнөктөшүбүз. Кыргызстанда Швейцария Конфедерациясынын колдоосунда ишке ашырылган долбоорлор өлкөнүн өнүгүшүнө позитивдүү салым кошот. Биз муну баалайбыз. Буга байланыштуу Сизге КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиз”, - деди аппарат жетекчиси. Ал Ренэ Холенштайнди Кыргызстанга мейман катары келип турууга чакырды.

Элчи өз кезегинде өлкө башчысына ыраазычылык билдирди. ал эки өлкөнүн мындан аркы жигердүү кызматташуусуна ишеним билдирди.

Ренэ Холенштайн Швейцария республиканын “Таза коом” долбоорун колдой турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий