• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Сапар Исаков сынамык режимде ишке кирген “Акылдуу шаар” долбоорун сунуштады

Таза Коом 0

Бишкек, 12.04.18. /Кабар/. КР өкмөт башчысы Сапар Исаков сынамык режимде ишке кирген “Акылдуу шаар” долбоорун сунуштады.

Өкмөт башчы система кыргызстандыктар тарабынан иштелип чыккандыгын билдирди.

“Мен Кыргызстанда ушундай мүмкүнчүлүк бар экендигине абдан кубанычтамын”,-деди ал.

Исаков үч жерде орнотулган камералар үч күндүн ичинде 82 миң 739 унааны жана 10 миң 518 жол эрежесин бузууларды түшүрүп калгандыгын кошумчалады.

“Көптөгөн жол эрежесин бузуулар карама-каршы тилкеге чыккандан болгон. Мына ушул жактан жол кырсыгы келип чыгууда”,-деди өкмөт башчысы.

Сапар Исаков чара көрүүлөр катуу боло тургандыгына даяр туруу керектигин билдирди.

“Эгерде адамдар бузуулар үчүн айып төлөгүлөрү келбесе, анда ар бир бузуу менен санкция күчөтүлөт. Эгерде анын айыбынын суммасы жогорулап кетсе, анда насыя алууда же болбосо чет жакка чыгууда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. “Таза коомдун” жардамы менен калаада тартип орнотулат. Менимче акырындан “Акылдуу шаар” бир гана жакшы болот”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий