• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына алынып келди

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Айыпталуучу мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына алынып келди. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Исаковдун абалы оор бойдон калууда.

Эске сала кетсек, КРнын мурунку премьер-министри Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагында кармалып келген. Үстүбүздөгү жылдын 16-августунда ал саламаттыгына байланыштуу ооруканага жеткирилген.

Ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча коррупцияга айыпталууда. Ошондой эле, ал – Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын куруу боюнча бириктирилген иште айыпталуучулардын бири. a

Пикир

Оставить комментарий