• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сапар Исаков: Улуттук авиакомпаниянын бир гана учагы бар экени уят

Коом 0

Бишкек, 22.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Улуттук авиакомпаниянын бир гана учагы бар экени уят”, -деп билдирди бүгүн Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча өкмөттүн алдындагы Кеңештин “КР туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүү” VIII туристтик көчмө форумунун жүрүшүндө премьер-министр Сапар Исаков.

Буга чейин “Эйр Манас” компаниясынын директору Талгарт Нурбаев өлкө ИКАО (Эл аралык жарандык авиация уюму) “кара тизмесинде” болгондуктан Кыргызстанга учактарды лизингге алуу оор экенин билдирген.

“Кара тизмеде” болуу лизингдик төлөмдөрдүн баасын 1,5 жана 2 эсе жогорулатат. Камсыздоочу компаниялардын пайдасын көтөрөт. Кыргызстанды “кара тизмеден” чыгаруу үчүн ИКАО жана IOSA талаптарына дал келүү керек. Акыркысы ири каржылык чыгымдарды талап кылат. Биз бир нече жылдан бери иш жүргүзүп, быйылкы жылдын декабрдында “кара тизмеден” чыгаруу боюнча тастыктама алабыз деп ишенип турабыз. Биз “Эйр Астананын” принциби боюнча өттүк”, - деди ал.

Ошондой эле Нурбаев Кыргызстан ачык асман тутумуна акырындык менен өтүшү керектигин белгиледи. Ал муну өткөн шартта атамекендик компаниялар чет элдиктер менен бирдей шартта атаандаша албай калары менен негиздеди. Анткени мында авиакомпаниялардан мамлекеттик көзөмөлдү алуу процесси каралган.

Өз кезегинде Сапар Исаков ачык асман системасы Кыргызстан үчүн жарандар алыскы өлкөлөргө түз, ашыкча чыгымсыз учуулары үчүн керектигин билдирди.

“Ооба, биз салык түрүндөгү 2 млрд сомдон кол жууп калабыз. Бирок эксперттер ачык асман саясатына акырындык менен өтүү керектигин көрсөтүшсө, анда мен премьер катары аны аткарам. Биз өзүндө бул системаны түзүп алган өлкөлөрдөн артта калдык. Алар узак убакытта түзүшкөн. Жана биздин улуттук авиакомпаниянын бир гана учагы бар экени уят. Мен эксперттер менен ар бир жолу баарлашканымда, алар биздин ачык асман саясатын киргизүүбүз керектигин айтышууда”, - деп белгиледи премьер.

Пикир

Оставить комментарий