• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сапар Исаков: Ыктыярчыларсыз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын элестетүү мүмкүн эмес

Өкмөт 0

Бишкек, 14.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн 14-апрелде, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу волонтерлор менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Майрамдык иш-чараны ачып жатып Өкмөт башчы ыктыярчы болуу – бул чоң жоопкерчилик экендигин баса белгиледи.

"Мен бүгүн сиздер менен үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыкрыярчылык программасын ишке берүү салтанатында көрүшкөндүгүмө кубанычтамын. Дүйнөдө биздин Оюндардын аналогу жок, Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын демилгечиси болуп калды. Биздин оюндар келечекте Олимпиадалык оюндар катары ийгиликке ээ болооруна менин ишенимим чоң. Өзгөчө ыктыярчылардын ишин белгилеп кетким келет, алар жок Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын элестетүү мүмкүн эмес. Дал ушул сиздерден – Көчмөндөр оюндарынын ыктыярчыларынан, Кыргызстанга келген меймандар, туристтер биздин өлкө тууралуу кандай пикирде калаары көз каранды", - деди Сапар Исаков.

Премьер-министр мындай долбоорлорду өткөрүүнүн артында өлкөнүн келечеги жаткандыгын жана бир нече убакыттан соң, анын натыйжасы байкалаарына басым койду.

"Ар-бирибиз Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана алга жылдырууга, тактап айтканда, инвесторлорду, туристтерди тартууга өлкө экономикасын көтөрүүгө кызыкдар болушубуз керек. Бул - жалпыбыздын колубузда. Мындан тышкары, волонтёрдук кыймыл өзүнүн зарылдыгын, атап айтканда эл аралык деңгээлдеги ири иш-чараларды өткөрүүдө реалдуу көмөк көрсөтүү керектигин көрсөттү", - деп белгиледи Сапар Исаков жана жаштарга ыктыяпчы болуу чечимин кабыл алышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, III ДКО даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Катчылыкка мурдараак ыктыярчы болууну каалаган 3460 билдирме келип түшкөн. Анын ичинен 1000 билдирме экинчи баскычка – аңгемелешүүдөн өтүүгө тандалган. Экинчи этап жыйынтыгы боюнча ДКО 2018 катышуу үчүн 802 волонтерго талапкер менен угуу өткөрүлгөн. Комиссиянын чечими боюнча Оюндарга катышуу үчүн 550 адам тандалып алынган, алардын 40ы дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген чет элдиктер.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын 2 – 8-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий