• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сапар Исаков Өзбекстанга барды

Саясат 0


Бишкек, 29.03.18. /Ерлан Тургунбаев - Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков “Достук унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу Өзбекстанга барды. Чек арадан өкмөт башчыны Өзбекстандын расмий делегаттары тосуп алышты.

Исаков Ферганада Кыргызстан менен Өзбекстандын облус чек ара башчыларынын биринчи Кеңешинин жыйынына катышат.

Биринчи Кеңештин жүрүшүндө эки өлкө аймактары ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери боюнча талкуулоо пландалууда.

Кыргыз делегаттарынын курамында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, өкмөттүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусундагы өкүлдөрү, ошондой эле аймактык чек ара башкаруу органдарынын жетекчилери бар.

Пикир

Оставить комментарий