• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сапар Исаков жаштар менен “Таза Коом” долбоорун талкуулады

Коом 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков жана анын орун басары Эльвира Сариева өлкөнүн бардык аймактарынан чогулган, “Таза Коом” санариптик трансформация долбоорунун катышуучулары менен жолугушту.

Жолугушуу маалында Сапар Исаков жаштарга “Таза Коом” программасын алдыга жылдыруу багытында жасалып жаткан негизги иштер жана аткарыла турган пландар боюнча айтып берди.

Жаштардын суроолоруна жооп берип жатып Сапар Исаков “өлкөдө башкалардан айырмаланган интернет-хаб түзүү зарылчылыгын” айтты. Ал бир эле Кыргызстанды эмес, Борбордук Азияны арзан интернет менен камсыз кылышы керек экенин белгиледи. “Масштабдуу жана узак мөөнөткө созулган бул долбоордун ишке ашырылышы өлкөдөгү IT тармагында жогорку квалификациялуу адистерди талап кылат”, - деди ал.

Ошондой эле Исаков, долбоордун ишке ашырылышы менен бардык тармактарда ачыктык камсыз кылынаарын, бул өз кезегинде өлкөдө туруктуулукту сактап, туруктуу өнүгүүгө алып келээрин кошумчалады.

Өз кезегинде аймактардан чогулган жаштардын өкүлдөрү “Таза Коом” долбоорун колдоого алышып, анын ишке ашырылуусуна жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий