• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сапар Исаков ЖЕЭК жана КМШ кезектеги жыйынына катышуу үчүн Сочиге келди

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-октябрда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкө башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Сочи шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө КМШ жана ЕАЭБ алкагында мамлекеттер аралык кызматташтык маселелери тууралуу талкуу болот.

Сочи эл арадык аэропортунда Өкмөт башчысы Сапар Исаковду РФ Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев тосуп алды.

Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, КМШ уставдык органдарынын алдындагы КР туруктуу өкүлү Кубанычбек Омуралиев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, экономика министри Артем Новиков, Премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков бар.

Пикир

Оставить комментарий