• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сапар Исаков ЖЕЭК жана КМШ кезектеги жыйынына катышууда

Саясат 0

Сочи, 11.10.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. КРнын премьер-министри Сапар Исаков Сочи шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкө башчыларынын кезектеги жыйынына катышып жатат.

Жыйын КМШ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин делегат башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүүсү менен башталды.

Андан соң сүйлөшүүлөр кеңейтилген форматта уланууда.

Иш-чарага президенттер - Владимир Путин, Түрмөнстан- Гурбангулы Бердымухамедов, Белоруссия - Александр Лукашенко, Азербайжан - Ильхам Алиев, Молдавия - Игорь Додон, Казакстан - Нурсултан Назарбаев, Армения – Серж Саргсян, Өзбекстан - Шавкат Мирзиеёв, Тажикстан – Эмомали Рахмондор катышууда.

Саммитте экономика, коргоо саясаты, тышкы чек араны коргоо, терроризмге каршы күрөшүү, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маселелер талкууланды. Мындан тышкары, катышуучулар кызматташуу боюнча бир катар долбоорлорду талкуулашат.

Мамлекет башчылары дээрлик 20 жакын документтке кол коюлаары күтүлүп жатат.

КМШнын саммитинен соң Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны болот.

Пикир

Оставить комментарий