• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык - УКМК

Коом 0

Бишкек, 26.08.19. /Кабар/. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

“Бүгүн дарыгерлер экинчи ирет чогулуш өткөрүштү. Учурда ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда”, - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, КРнын мурунку премьер-министри Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагында кармалып келген. Ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча коррупцияга айыпталууда. Ошондой эле, ал – Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын куруу боюнча бириктирилген иште айыпталуучулардын бири.

Үстүбүздөгү жылдын 16-августунда ал саламаттыгына байланыштуу ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий