• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сапар Исаковго коррупция боюнча айып тагылды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго айып тагылды,-деп билдирет КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Ведомстводон кабарлашкандай, 2018-жылдын 29-майында КР УКМК тарабынан “Бишкек ЖЭБди модернизациялоого” байланыштуу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр С.Исаковго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы ал КР президент аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген

Пикир

Оставить комментарий