• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сапаттуу бала бакчалар – ийгиликтүү келечектин ачкычы

Аналитика 0

Кыргызстанда учурда 1524 бала бакча иштейт. Алардын 274мамлекеттик, 1007 – муниципалдык жана 301 – жеке менчикте. Бул бала бакчаларда 189 миң бала мектепке чейинки тарбияны алат. Өткөн жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине республикалык бюджеттен 1,9 млрд. сом бөлүнсө, быйыл бул сумма 2,3 млрд. сомду түздү.

Өлкөдө бала бакча жана мектепке даярдоо борборлору жетишпей келгени белгилүү. Мындан 5 жыл мурда республикада болгону 698 мектепке чейинки мекемелер иштеп келген. 1990-жылда 1696 бала бакча, борборлор иштеп, ар бир үчүнчү бала балдар бакчасына барчу. Учурда бул көрсөткүч салыштырмалуу 2,5 эсеге азайып кеткени көрүнөт. 2010-жылы мектепке чейинки ишканалардын көбү мыйзамсыз түрдө сатылып жана менчиктештирилип кеткен. 1500 жакын объект жеке менчикке айланып, бул система толугу менен жок болуп кетүү коркунучуна туш келген.

Учурдагы өкмөттүн жүргүзгөн туура саясаты жана активдүү иш-чараларынын натыйжасында беш жылдын ичинде мектепке чейинки мекемелердин желеси кайрадан ордуна келтирилип жатат. Өлкөдө жаңы бала бакчалар жана борборлор пайда боло баштады. Бул жылдын башынан тартып премьер-министр Сооронбай Жээнбеков түштүк аймагындагы мектепке чейинки бала бакчалардын ачылыш аземдерине катышып, Талас жана Чүй облустарындагы жаңы курулуп жаткан мектепке чейинки борборлордун иши менен таанышты. Жергиликтүү коомчулуктун алдында сүйлөгөн сөзүндө Өкмөт башчысы «ылайыктуу билим берүү – келечектеги ийгиликтин башаты» деп белгиледи. Кыргыз өкмөтү менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайра мамлекетке кайтарып, жаңы борборлордун ачылуусу үчүн курулуш иштерин жургүзүп жатат.

«Акыркы 5 жылдын ичинде билим берүү тармагына мамлекет башчысы жана Өкмөт тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Билим берүү системасын жакшыртуу жана өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, донордук уюмдар тартылып жатат. Мыйзамсыз менчиктештирилип, өзгөрүп кеткен мектепке чейинки мекемелер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан такталып, алардын бирдиктүү базасы түзүлдү. Алардын баарын мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Азыркы күнгө чейин өзүн-өзү башкаруу органдарынын жардамы менен 144 бала бакча кайтарылып алынган», — деп белгиледи С.Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айылдык аймагында жайгашкан бала бакчанын ачылыш аземинде.

Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда 1524 бала бакча иштейт. Алардын 274 – мамлекеттик, 1007 – муниципалдык жана 301 – жеке менчикте. Бул бала бакчаларда 189 миң бала мектепке чейинки тарбияны алат. Ал эми бала бакчага барбаган балдар үчүн атайы программа иштелип чыгып, 4 миң класс даярдалган. Бул класстар керектүү окуу-методикалык, тарбиялоого жарактуу материалдар жана жабдыктар менен жабдылган. Өткөн жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине республикалык бюджеттен 1,9 млрд. сом бөлүнсө, 2017-жылы бул сумма 2,3 млрд. сомду түздү.

Кыргыз өкмөтү ошондой эле заманбап каржылоо моделдерин киргизип жатат. Бул жылы Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы пилоттук мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде бир баланы жылына нормативдүү каржылоо принцибине өтөт. Бул система боюнча мамлекеттик казынадан, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана ата-эненин бюджетинен кеткен каржылоо милдеттендирмелери такталып, бардык балдар үчүн бирдей, адилеттүү мамиле жасалат.

Мындан сырткары өзгөчө белгилей кетчү дагы бир прогрессивдүү чара бул – өлкө боюнча бала бакчага кабыл алуу электрондук түрдө тизмеге туруу менен ишке ашырылат. Мындайча айтканда, бала бакчага кабыл алуу ачык жана бардыгы үчүн бирдей шарт түзүлүп, коррупциянын алдын алат. Былтыры электрондук тизмеге туруу менен кабыл алуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда ишке ишырылды. Бул программа эми өлкө боюнча иш жүзүнө ашырылат.

Мектепке чейинки мекемелердин дагы бир жолу катары - алыскы жана чекарага жакын аймактардагы ачылган общиналык бала бакчалар иштейт. Алар эл аралык уюмдардын демилгеси менен ачылып, учурда өлкө боюнча мындай 221 общиналык бала бакчалар иштеп жатат. Булардын башка бала бакчалардан айырмасы балдар түшкө чейин, анан түштөн кийин болуп, эки убакытта билим алышат. Ал үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары бир бөлмө бөлүп берип, тарбиялоочу менен педагогдорго айлык төлөп беришет. Ал эми донорлор коммуникацияны өткөрүп, окуу китептери, оюнчук, эмерек менен камсыз кылып, мугалимдерди даярдап берет. Бала бакчалардын көпчүлүгү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын балансына өткөрүлүп берилген. Бала бакчалардын мындан кийинки тагдыры эми ошолордун колунда болот. Бирок Билим берүү министрлиги обшиналык бала бакчалардын сырттан жардам албаса жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары аларды өнүктүрүп кете албай калат деп чочулап, азыртадан мамлекеттик коргоого алуу керек дейт. Өкмөт парламент менен бирге жергиликтүү коомдорго обшиналык бала бакчаларды түзүү боюнча укугун беките турган Кыргыз Республикасынын «мектепке чейинки билим берүү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап жатат.Мындайча обшиналык бала бакчалардын болушу үчүн укуктук негиз түзүлөт.

Эми бала бакчалардын саны менен бирге сапаты да жогорулашы керек. Премьер-министр С.Жээнбеков айткандай, «Өкмөттүн ишинин приоритеттүү багыттарынын бири – бул өсүп келе жаткан муундардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттарды түзүп берүү. Өткөн жылдын ичинде 662 тарбиялоочуквалификация жогорулатуу боюнча курстардан өттү. Бул жылы Билим бер министрлиги мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын текшерүү үчүн мониторинг өткөрө баштады. Мониторинг аркылуу биринчи класска бара турган балдардын психологиялык-педагогикалык даярдык деңгээли аныкталат. Булардан сырткары, мектепке чейинки мекемелердин адистери өкмөттүн жана донордук уюмдардын биргелешип ишке ашырган долбоорлору менен атайы окуудан өтүп жатышат. «Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү» (Бүткүл дүйнөлүк банк каржылайт) программасынын алкагында 900 тарбиялоочу мектепке чейинки балдарды тарбиялоо ыкмалары жана окутуунун инструменттери, билим берүү процессин пландоо ж.б. боюнча профессионалдык билимин жогорулатты. Бул долбоордун алкагында дагы 310 педагог бала бакчаларда иштөө үчүн даярдалмакчы.

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрь күнүндө республиканын алыскы аймактарында дагы 100 бала бакча ачылат. Бул көрүнүш, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жалпы республика боюнча 3-5 жаштагы балдардын мектепке чейинки билим алуу көйгөйүн чечүүдө жасаган дагы бир чоң кадамы болуп саналат.

Жеңиш Асанов,

атайын "Кабар" үчүн

Пикир

Оставить комментарий