• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саратовдо жол кырсыгынан кыргыз жарандары жабыркашты, экөөнүн абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 04.09.17 /Кабар/. Дүйшөмбү күнү Саратовдо эки жеңил унаа кагылышып, 9 адам жабыркады,-деп жазат РИА Новости. Кырсык 4-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:59 катталган.

“Алдын ала маалымат боюнча, “Toyota” үлгүсүндөгү эки жеңил унаа сүзүшүп, 9 адам жабыркаган. Жагдай иликтенүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо органдарындагы булактар РИА Новостиге билдиришкендей, болжолдуу маалыматтар боюнча жол кырсыгына кабылган унаанын биринин ичинде Кыргызстандын жарандары болгон, алардын 8и жабыркашкан. Жабыркагандардын экөө оор абалда ооруканада жатат.

Пикир

Оставить комментарий