• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саратовто кыргыз жарандары бар автобус жол кырсыгына кабылып, эки адам каза болгондугу айтылууда

Кырсык 0

Бишкек, 31.10.17 /Кабар/. Саратов облусунда Кыргызстандын жарандары бар автобус жол кырсыгына кабылды, эки адам каза болгондугу тууралуу маалымдалууда,-деп жазат “Саратов 24” басылмасы.

Облусттун унаа инспекциясынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы болжол менен саат 22:00 чамасында Саратов-Нижний Новгород унаа жолундагы Озерки айылына бузулуп жаткан учурда 28 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан КамАЗ “Volkswagen Caravelle” кичи автобус менен барып кагылышкан.

Жол кырсыгынын натыйжасында автобустун эки жүргүнчүсү каза болуп дагы жети адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча автобустун ичинде Кыргызстандын жарандары болгон. Учурда абал иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий