• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саратовто жол кырсыгынан КРнын беш жараны жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.17 /Кабар/. Россиянын Саратов облусунда “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү кыргыз номерлүү унаа жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 10:50 чамасында Энгельс-Ершов-Озинки унаа жолунун 103-чакырымында катталган.

Жол кырсыгынын натыйжасында Кыргызстандын беш жараны жабыркаган – эки аял, үч эркек. Алар Федоров райондук ооруканага жаткырылышкан. Маалыматка ылайык, айдоочу жабыркаган эмес.

Эске сала кетсек, 4-сентябрда Саратов облусунда Кыргызстандын жарандары бар унаа жол кырсыгына кабылып, 8 адам жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий