• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сариев: Атамбаев журналисттердин суроосуна ачык жооп берди

Коом 0

Чолпон-Ата, 24-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы маалымат жыйында журналисттердин суроосуна ачык жана көлөмдүү жооп берди деп билдирди “Кабар” маалымат агенттигине саясат таануучу Марс Сариев.

Анын айтымында, берилчү суроолорго эч кандай тыюу салынган жок. “Журналисттер өтө курч суроолорду берип жатышты. Алмазбек Шаршенович бардык суроолорго ирээти менен жана ачык жооп берип жатты. Менин дагы суроом бар болчу, бирок мен ага жооп алдым”,-деди ал.

Ошондой эле, саясат таануучу Алтай цивилизациясы форуму- кыргыздардын эле эмес башка түрк тилдүү элдердин тарыхка кайтарып алып келген гениалдуу идея экенин баса белгиледи.

“Биз башка мамлекеттин курамында жүрүп жоготуп алган тарыхый борборубузду табышыбыз керек. Эгер президент Көчмөндөр оюндарынын форматын түзүп, алтай цивилизациясы форумун өткөрбөсө деле баары бир тарыхта калмак”,-деди Сариев.

Пикир

Оставить комментарий