• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сариев: ЖККУ мүчө-мамлекеттердин ортосундагы жаңжалдарга кийлигише албайт

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) уставында уюмга мүчө-мамлекеттердин ортосунда чыр-чатак чыкса чара көрүү каралган эмес. Бул тууралуу саясат таануучу, Борбордук Азиядагы регионалдык коопсуздук боюнча эксперт Марс Сариев билдирди.

"Мен алардын абдан ылайыктуу учурду тандап алышкандыгына көңүлдү бургум келет. Эки күндөн бери Душанбеде ЖККУнун мүчөлөрү чогулуп, биздин коргоо министри менен Коопсуздук кеңешинин катчысы катышып жатканда аскердик аракеттерди башташкан. Премьер-министр Улукбек Марипов Казанга ЕАЭБдин жыйынына учуп кеткен, ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Германияга дарылануу үчүн жөнөп кетти. Өлкөдө бир гана президент Садыр Жапаров калды. Тажик тараптын Кыргызстанга кол салуусу дал ошол күнү болгону, бул атайылап жасалган чагымчылдык деп ойлоого мүмкүндүк берет", - дейт ал.

Эксперт белгилегендей, буга чейин алар КамАЗ менен суу бөлүштүрүүчү жайга шагыл ташып келишкен, андан кийин жанына видеокамераларды орнотуп, Тажикстандын желегин илип алышкан.

"Ушундай эле жол менен алар бир жыл мурун чагымчылдык жасашкан. Ошол кезде тажик тарап Ворух анклавынын чек арасына кыргыз тарап Совет доорунда курган постаментке атайылап өз желегин илип койгон (ал кезде административдик чектер болгон). Бул жолу да коңшулар өз туусун илип алышты жана бул жаңжалдын башталышы болду. Ошондой эле тажик тарап эгер согуш аракеттерин баштаса, ЖККУ кийлигише албай тургандыгын билди, анткени анын уставында уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда чыр-чатак чыкса, чара көрүлбөйт", - деди Сариев.

Пикир

Оставить комментарий