• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сары-Чат – Ээр-Таш коругунда кен казуу иштери жүргүзүлгөн жок – Мусаев

Коом 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Кумтөр кени "Сары-Чат – Ээр-Таш" мамлекеттик коругунун аймагында эч кандай кен казуу иштерин жүргүзгөн жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Биотүрдүүлүктү коргоо жана өзгөчө корголчу жаратылыш аймактары департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, корук Кумтөр менен болгон биринчи келишимден кийин түзүлгөн.

“Аны түзүүнүн максаты – ушул тилкеде экологиялык тең салмактуулукту сактоо болгон. Өзүңөр билгендей, Кумтөр ишин 1994-жылы баштаган. Ошондо 1995-жылы өкмөт жанына аянты 72 миң чарчы метрди түзгөн корук түзүү чечимин кабыл алган. Менин оюмча, бул эң туура чечим болгон. 1999-жылы акимчиликтин чечими менен корукка дагы 62 миң чарчы метр жер кошулган. Ал эми 2009-жылы коруктун так аянтын аныктоо жана келечекте Кумтөр менен көйгөйлөр болбошу үчүн ченөө иштери жүргүзүлгөн. 2010-жылы дагы бир тилке кошулуп, 2013-жылы коруктун аянтын 149 миң гектар деп белгилөө боюнча токтом кабыл алынган”, - дейт Мусаев.

Ал кошумчалагандай, Кумтөрдө негизги иштер жүргүзүлгөн очоктор Сары-Чат - Ээр-Таш коругунан 9 чакырым алыстыкта турат. “Азыр корукта жапайы жаныбарлар көбөйүүдө. Кумтөр жабылганда аларошол аймакты байырлап калышат. Биз эки карышкыр, 2 кулжага GPS-маяктарды орнотуп койгонбуз. Алар азыр ошол очокко жакын жерде жүрүшөт. Ошондой эле маяктар 7 ак илбирске тагылган. Ошол жактан келген маалыматтар көрсөткөндөй, илбирстер Кумтөрдун очогуна чейин барып, кайра келишет экен”, - дейт Мусаев.

Пикир

Оставить комментарий