• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сары-Челек көлүнө барган жолдо каттам жанданды

Аймак 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда селден жабыркаган Кызыл-Туу айыл аймагынын Кожо-Ата дарыясына убактылуу көпүрө орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Учурда Жылгын жана Аркыт айылдарын байланыштырып, Сары-Челек көлүнө барган жолдо каттам жанданды. Аны менен бирге айылдагы жабыркаган ички жол жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштери да жүрүүдө.

Буга чейин облус башчысы Абсаттар Сыргабаев аймактагы селдин кесепеттерин көрүп чыккан. Жабыркагандарга тийиштүү жардамдарды көрсөтүп, убактылуу кошумча көпүрө куруп, абалды бир жуманын ичинде жандантуу тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий