• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сары-Челек көлүнө барып эс алуу убактылуу токтотулуп, жол жабылган

Аймак 0

Бишкек, 19.07.20. /Кабар/. Сары-Челек көлүнө барып эс алуу убактылуу токтотулуп, жол жабылган. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоо, жана ошол аймакта жашаган элдин кайрылуусунун негизинде эпидемиянын алдын алуу максатында кабыл алынган.

«Оорунун алдын алуу максатында атайын токтом чыкты. Себеби, ал жерге Кыргызстандын бардык аймактарынан адамдар барат», - деп билдирет Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн депутаты Келсинбек Шеркулов.

Белгилей кетсек, чектөөлөр өлкө аймагында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин улантылат.

Маалымат үчүн: Сары-Челек көлү Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун аймагында жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1873 м бийиктикте. Узундугу 7,5 км, орточо жазылыгы 650 м (эң жазы жери 2280 м), кууш жери 300 м. Аянты 4,92 км2. Орточо тереңдиги 98 м (эң терең жери 234 м). Тереңдиги боюнча Кыргызстанда 2-орунда (Ысык-Көлдөн кийин). Жээги көбүнчө тик, жардуу, булуң-буйткалуу. Суунун тунуктугу 16 м.

Пикир

Оставить комментарий