• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сары-Челек көлүндөгү пирс алынды

Коом 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек көлүндөгү пирс алынды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен белгилешкендей, аны менен бирге өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймакты, биоартүрдүүлүктү сактоо максатында көлдө моторлуу кайык, скутерлерди колдонууга тыюу салынган. Ошондой эле көлдө балык уулоого болбойт.

Белгилей кетсек, баарына белгилүү Сары-Челек көлү "Сары-Челек" коругунда жайгашкан. Аны менен катар коруктун аймагында дагы 6 көл бар: Кыла, Арам көл, Чөйчөк көл, Ири көл жана эки чакан көл – Бакалы менен Туюк көлдөрү.

"Сары-Челек" коругунун аянты дээрлик 24 миң гектарды түзөт. Андагы эң бийик чоку Музтөр болуп, бийиктиги 4 миң 247 метрге жетет. Коруктун аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар байырлап, өсүмдүктөр өсөт. Мисалы, ак илбирс, сүлөөсүн, суусар, күрөң аюу, каман, элик, тоо текеси, маралдар ж.б. бар. Ошондой жаңгак, арча, карагайлар ж.б. өсөт.

Пикир

Оставить комментарий