• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сары-Челек коругунда дайынсыз жоголгон кызды издөө үчүн Израилден куткаруучулар келди

Аймак 0

Бишкек, 27.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын Жалал-Абаддагы тоолорунда 23-сентябрдан бери дайынсыз жоголгон израилдик кызды издөө үчүн Израилден төрт куткаруучу келди.

Кызды издөө үчүн Израиль тик учак жөнөттү деп социалдык түйүндөрдө тараган маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматынан төгүндөштү.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 23-сентябрында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Сары-Челек коругунда 22 жаштагы израилдик кыз дайынсыз жоголгон.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда саат 13:55де издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Таш-Көмүр шаарындагы №2 издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жолго чыгып, кечки саат 20:00 чамасында Сары-Челек коругунда түнөп калышкан. Издөө иштери бүгүн да уланууда.

Пикир

Оставить комментарий