• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сары-Челек коругунда Кызыл китепке кирген маралды мыйзамсыз кармоо фактысы аныкталды

Коом 0


Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Сары-Челек коругунда кызыл китепке кирген маралды мыйзамсыз атуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстары, экология жана тезникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 31-октябрда болжол менен саат 18:30дар чамасында Сары-Челек коругунун кызматкерлери “Туура-Арык” тилкесинде болжол менен 5 жаштагы (терисиндеги издери боюнча аныкталган) маралдын ургачысын мыйзамсыз атып, аны союп жатышкан топту аныкташкан.

“Мыйзам бузгандар Аксы районунун Аркыт айылынын төрт тургуну болушкан. Жеке тинтүү жана айлана-тегеректи кароодо ок атуучу курал табылган эмес. Жаныбардын териси, башы жана эти материалдык далил катары алынган. Азыркы учурда Кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Марал (чыныгы бугу) бүткүл диапазондо саны кескин кыскарган жаныбар. Кыргызстанда алар аз санда жана Кызыл китепке кирген. Маралды мыйзамсыз кармоо үчүн айып 1 миллион сомду түзөт, ал эми өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айыптын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий