• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Сары-Челек" мамлекеттик коругунда эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. "Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругунда "Өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын тармактарын өнүктүрүү жана башкаруудагы илимий-изилдөө иштеринин орду" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Аталган иш-чара 22-май Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүк күнүн утурлай өткөрүлүүдө.

Конференциянын алкагында бир катар докладдар жасалып, анын жыйынтыгы менен иш-чаранын резолюциясы кабыл алынат.

Белгилей кетсек, кечээ 1959-жылы түзүлгөн "Сары-Челек" мамлекеттик коругунун 60 жылдыгы жана коруктун ЮНЕСКОнун "Адам жана биосфера" программасынын биосфералык резерваттардын Дүйнөлүк тармагына киргизилгенинин 40 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.

Анын алкагында мектеп окуучуларынын арасындагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү, корукта эмгек кылган кызматкерлер сыйлык алды.

"Сары-Челек" коругу өзгөчө коргоодогу аймактардын катарына кирет. Анын жалпы аянты дээрлик 24 миң гектарды түзүп, коруктун аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар бар жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрү өсөт.

Коруктун аймагында 7 көл бар. Алардын ичинен эң ириси – Сары-Челек көлү. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 чакырымды түзөт. Ал деңиз деңгээлинен 1848 метр бийиктикте жайгашкан. Көлдүн орточо тереңдиги 98 метр болсо, эң терең жери 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча ал Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Конференция Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан БУУнун Өнүгүү программасынын колдоосу менен өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий