• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сары-Челек мамлекеттик коругунун 60 жылдыгы белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.05.19./Кабар/. Бүгүн, 1959-жылы түзүлгөн Сары-Челек мамлекеттик коругунун 60 жылдыгы белгиленүүдө. Аны менен катар быйыл коруктун ЮНЕСКОнун "Адам жана биосфера" программасынын биосфералык резерваттардын Дүйнөлүк тармагына киргизилгенине 40 жыл болууда.

Аталган иш-чара "Сары-Челек" коругунда, 22-май Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүк күнүн утурлай өткөрүлүүдө.

Анын алкагында Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, мамлекеттик коруктун мурдагы кызматкерлери, БУУнун Өнүгүү программасынын өкүлдөрү куттуктоо сөз сүйлөштү. Аны менен бирге мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү сыйланып, өздөрүнүн презентацияларын сунушташты.

Ошондой эле корукта эмгек кылган кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, Сары-Челек коругу өзгөчө коргоодогу аймактардын катарына кирет. Анын жалпы аянты дээрлик 24 миң гектарды түзүп, коруктун аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар бар жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрү өсөт.

Коруктун аймагында 7 көл бар. Алардын ичинен эң ириси – Сары-Челек көлү. Анын узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 чакырымды түзөт. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1848 метр бийиктикте жайгашкан. Анын орточо тереңдиги 98 метр болсо, эң терең жери 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча ал Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан БУУнун Өнүгүү программасынын колдоосу менен өтүүдө.

Эртең "Өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын тармактарын өнүктүрүү жана башкаруудагы илимий-изилдөө иштеринин орду" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Пикир

Оставить комментарий