• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Сары-Челек" мамлекеттик коругунун аймагында 1300дөн ашык киши жашайт

Коом 0

Бишкек, 23.05.19./Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. "Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругунун аймагында 1300дөн ашык киши жашайт. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Биоартүрдүүлүктү сактоо департаментинин директору Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтымында, "Сары-Челек" коругунда көп маселе бар. Ошол маселелерге илимий коомчулукту, жергиликтүү жарандарды жана мамлекеттик кызматтарды тартуу максатында эки күндүк семинар өткөрүлүүдө.

"Сары-Челек" коругунун келечеги кандай болот, кандай иш алып барабыз, буга чейин кандай жетишкендиктерге жеттик деген маселелер талкууланат. Ал жерде негизи талаптар "Сары-Челек" коругундагы илимий иштерди кайрадан жандандыруу. Ачык айтыш керек, акыркы жылдары илимий иштер солгундап кеткен. Экинчи маселе ушул жерде жайгашкан эл менен бирдиктүү иш алып баруу. Коруктун аймагында 1310 киши жашайт. "Сары-Челек" коругунун ичинде Аркыт айылы жайгашкан. Бул коруктун талаптарына жооп бербейт. Учурда аларды көчүрүп жиберүү максаты жок. Элди корукту сактоого, коргоого тартуу оюбуз бар. Үчүнчүсү –корукка дагы, жергиликтүү калкка дагы жемишин берчү туризмди өнүктүрүүнү карайбыз", - деди ал.

Ал белгилегендей, акча табабыз деп туристтерди ашыкча киргизсек эртең биотүрдүүлүккө зыян тийиши мүмкүн. Ошондуктан келген адамдардын санынын артышынан улам корукка зыян келбеши үчүн алардын санын көзөмөлгө алуу жагы каралууда.

Учурда, коруктун аймагындагы көлдө кайык менен жүрүүгө да тыюу салынып, анын аймагында салынган очокканалар алынган.

Белгилей кетсек, бүгүн "Сары-Челек" коругунда "Өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын тутумун өнүктүрүү жана башкаруудагы илимий-изилдөө иштеринин орду" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Аталган иш-чара Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин тарабынан БУУнун Өнүгүү программасынын колдоосу менен өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий