• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сары-Челекте туризмден түшкөн акчанын 20% жергиликтүү бюджетке калтырыш керек – депутат

Коом 0

Бишкек, 28.02.19 /Кабар/. Аксы районундагы Сары-Челек коругуна туризмден түшкөн каражаттын 20 пайызын жергиликтүү бюджетке калтырыш керек. Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов парламенттин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында билдирди.

Эл өкүлү быйыл Сары-Челек коругунун уюшулганына 60 жыл толуп жатканына токтолду. Деӊиз деӊгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан корук 24 миӊ гектар жерди ээлейт. Анда 1000 жакын жаныбардын түрү бар. Коруктун тегерегинде 1200 түтүн эл жашайт.

Эргешов мурдагыдай кылып, Сары-Челекке Илим изилдөө институтунун филиалын ачып, изилдөөлөр жүргүзүлсө максатка ылайык болорун, 5000 сом алган токойчулардын айлыгын көтөрүү, айылдын инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн бул аймакка туризмден түшкөн каражаттын 20 пайызын жергиликтүү бюджетке калтырууну сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий