• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сары-Челектеги экологиялык бузуулар боюнча тиешелүү кызматкерлер жоопко тартылат - Рустамов

Коом 0

Бишкек, 12.09.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. ЮНЕСКО мурастарына кирген “Сары-Челек” коругундагы экологиялык бузуулар фактысы боюнча бир нече кызматкер жумушунан бошотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов.

Анын айтымында, жакында эле дайындалган коруктун директоруна сөгүш жарыяланган.

“Ошондой эле карагай башына жана директордун орун басарына сөгүш жарыяланды. Аңды көрсөтүп берүүчү адам ишинен бошотулду. Учурда корук тартипке келтирилип, аймак көзөмөлдөлүүдө. Таштанды челектер коюлду”, - деди ал.

Эскерте кетсек, ЮНЕСКОнун өкүлдөрү Кыргызстанга келип коруктун абалы менен таанышып, бир катар эскертүүлөрдү жасап кетишкен. Бузуулар четтетилбесе “Сары-Челекти” ЮНЕСКОнун эл аралык коруктар түйүнүнөн чыгаруу маселеси караларын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий