• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сары – Кыр ашуусундагы кар кѳчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун 91-чакырымындагы Сары – Кыр ашуусундагы кар кѳчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган ашуудагы жолду тазалоого бир атайын техника тартылган.

"Бул жол Жалал-Абад мамлекеттик администрациясынын чечими менен ѳткѳн жылдын ноябрь айында жабылган. Күндүн жылышы менен министрликтин астындагы ДЭУ 31 тиешелүү участканы тазалоо иштери башталды. Ашуу ачылгандан кийин ӨКМ, ЖКККББжана транспорттук инспециялар тиешелүү текшерүүлѳрдү ѳткѳргѳндѳн кийин Сары-Кыр ашуусунда унаалардын каттоосуна уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий