• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сарыбашов: Ош шаарында 8 багытта 30 пункттан турган антикризистик план иштелип чыкты

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында 8 багытта 30 пункттан турган антикризистик план иштелип чыкты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов брифингдин жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, шаарда өзгөчө абал киргенден бери ишканалар ишин токтоткон.

"Ал өз учурунда шаардык бюджетке таасирин тийгизген. Январь-март айларында жергиликтүү бюджетке 60-70 млн сомго чейин акча түшпөй калды. Ошондой эле бюджетке 150 млн сом түшпөй калышы күтүлүүдө. Буга чейин Өкмөт тарабынан антикризистик план түзүлгөн. Ош шаарында дагы 8 багытта 30 пункттан турган антикризистик план иштелип чыкты", - деп белгиледи мэр.

Сарыбашов учурда бюджетти толтуруу үчүн көмүскө салыктар менен иштеп жатабыз деди.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий