• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сарыбашов: Ош шаарында кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда

Аймак 0

Бишкек, 22.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов брифингде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин шаарда 30 гана кычкылтек концентратору болгон. “Мындан улам концентраторлорду талашкан учурлар да орун алган. Бирок кол сунган жарандардын жардамы менен бүгүнкү күндө 310 кычкылтек концентратору бар. Алардын 100 даанасын демөөрчүлөр алып берсе, 200дөй концентратору мамлекет тарабынан келген. Республикалык штаб дагы керек болсо камсыздап беребиз деп айтууда”, - дейт шаар мэри.

Сарыбашов кошумчалагандай, демөөрчүлөр тарабынан дары-дармек, беткап жана азык-түлүк түрүндөгү жардамдар улантылууда. “Шаарда гепарин дарысы 400-500 сомго жана клексан дарысы 3500-4000 сомго чейин сатылып жатат. Бул дарылар жетиштүү санда бар”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий