• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сарыбашов: Ош шаарынын бюджетине март айынын планы боюнча 39 млн сом түшпөй калды

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Ош шаарынын бюджетине март айынын планы боюнча 39 млн сом түшпөй калды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, коронавирустан улам Кыргызстанда эле эмес бүткүл дүйнөдө кыйынчылык болууда.

"Жергиликтүү бийликтин киреше бөлүгүнө март айынын планы 66,6 пайызга аткарылды. Башкача айтканда, март айында 139 млн сом бюджетке түшүү пландалса, анын 39 млн сому түшпөй калды. Биз антикризистик план иштеп чыгып, анын негизинде салык кызматкерлерине тапшырма бердик. Ошондой эле бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланып, бюджетти толуктоо боюнча иштер жүрүүдө. Жакында бюджетке өзгөртүү киргизебиз", - дейт ал.

Сарыбашов маалымдагандай, медкызматкерлердин талаптарын аткарып, кээ бир ишканалардын иштөөсүнө уруксат берип жатабыз.

Пикир

Оставить комментарий