• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сарыбашов “Ош-Тазалык” ишканасына 12 атайын техниканын ачкычын тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына 12 атайын техниканын ачкычын тапшырды. Жаңы 11 атайын техника Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун алкагында алынды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мэр шаардын тазалыгы үчүн “Ош-Тазалык” ишканасынын техникалары толук жаңылана турганын айтты.

“Тазалык ишканасында атайын техникалардын саны жетишсиз. Андыктан булардын техникалык базасын толуктоо жана жаңылоо мезгилдин талабы. Ошондуктан өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 30 млн сом бөлүнүп, жалпысынан 14 атайын техника сатып алынган. Ошондой эле быйыл дагы 13 млн сом акча каражаты каралып, жаз-жай мезгилинде жолдорду суу сээп жууш, кыш мезгилинде кардан тазалоо үчүн 4 даана атайын техника сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, жеңүүчү менен келишим түзүлдү. Буюрса бул техникалар да июль айында алынып келет. Баарыбызга белгилүү болгондой учурда Ош шаарында катуу таштандыларды чыгарууну жакшыртуу боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун негизинде жумуштар жүргүзүлүп жатат. Долбоордун жалпы баасы 10 млн еврону түзүп, анын 50 пайызы банк тарабынан кредит катары, ал эми 50 пайызы грант катары Европа биримдиги тарабынан берилет. Бүгүнкү күнгө чейин долбоордун алкагында 41,2 миң еврого сыйымдуулугу 8 м3 болгон 32 даана контейнер алынып келип, учурда иштетилип жатат. Андан тышкары сыйымдуулугу 1,1 м3 болгон 1136 даана контейнер сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, 2020-жылдын 7-майында жеңүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде июнь айынын аягына чейин биринчи партиясынын келиши күтүлүүдө. Долбоордун алкагындагы дагы бир компонент - таштандыларды ташуучу атайын техникаларды сатып алууга 1,9 млн евро каралып, бүгүн сиздер көрүп турган 12 даана атайын автоунаа 545 миң еврого алынып келди. Ал эми калган 1,4 млн евро акча каражатына сыйымдуулугу 16 м3 болгон дагы 12 даана атайын автоунаа сатып алуу үчүн июнь айынын аягына чейин банк тарабынан тендер жарыяланмакчы”, - деди шаар мэри Сарыбашов.

Аталган долбоордун алкагында жаңы санитардык полигонду куруу, шаардын аймагында контейнерлер жайгашкан жерлерди жана ишкананын гаражын оңдоо пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий