• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Сарычат-Ээрташ" коругундагы ак илбирс, аюу, аркарлардын сүрөттөрү

Коом 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан "Сарычат-Ээрташ" мамлекеттик жаратылыш коругу Кыргызстандагы өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын бири болуп эсептелет. Ал 1995-жылы түзүлгөн.

Коруктун аймагында балырдын 30 түрү, козу карындардын 30дан ашык түрү, эңилчектин 50, мохтун 15 түрү өсүп, сүт эмүүчүлөрдүн 30, куштардын 80, балыктын 2 түрү байырлайт. Алардын ичинен сүт эмүүчүлөрдүн 5, куштардын 6 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

"Сарычат-Ээрташ" коругу деңиз деңгээлинен 3-5 миң бийиктикте, Бишкектен 350 чакырым, Каракол шаарынан 80 чакырым алыстыкта орун алган.

Анын жалпы аянты 149 миң 117,9 гектарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий