• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сасык тумоо күч алды. Дем алыш күндөрү №3 балдар ооруканасына 1,3 миңден ашык бейтап кайрылган

Ден соолук 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Дем алыш күндөрү Бишкектеги №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына 1 миң 370 бала кайрылган, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 727си соматикалык бөлүмгө, 537 бала курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) белгилери менен кайрылган. Жыйынтыгында 102 бала ооруканага жаткырылган, анын 39у КРВИ белгилери менен, 39у пневмония, 4 бала микст-инфекция менен.

“Учурда балдардын стационарларга кайрылуусу көп болууда. Алсак, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын буйругу менен кайрылуулардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу 23-октябрдан баштап бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору эпидемия мезгилине карата ишемби күндөрү саат 08:00дөн 18:00гө чейин жана жекшемби күндөрү саат 08:00дөн 14:00гө чейин иштейт. Ошондой эле, балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн Бириккен Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медицина кызматкерлери эки нөөмөт менен ишемби жана жекшемби күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин шаардык балдар клиникалык ооруканасынын тез жардам көрсөтүү бөлүмүндө нөөмөттө турушат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, орточо алганда күнүнө ҮМБга 200дөн 500гө чейин кайрылуулар болууда.

Бишкек ҮМБлардын иш жүзүндөгү ишеним телефондору жана каттоо номерлерин эске салабыз:

Ленин райондук БҮМБ: 0990 88 80 30, 0312 64 45 42;
• №2 ҮМБ: 0990 88 80 28, 0312 21 03 57;
• №11 ҮМБ: 0990 88 80 29, 0312 31 10 60;
• №12 ҮМБ: 0990 88 80 31, 0312 21 17 32;
• №13 ҮМБ: 0990 88 80 32, 0312 65 73 88;
• №17 ҮМБ: 0990 88 80 33, 0312 55 11 06.

Октябрь райондук БҮМБ: 0990 88 80 36, 0312 57 02 84;
• №15 ҮМБ: 0990 88 80 15, 0312 42 69 62;
• №18 ҮМБ: 0990 88 80 35, 0312 56 82 33;
• №19 ҮМБ: 0990 88 80 19, 0312 57 13 67.

Биринчи май райондук БҮМБ: 0990 88 80 71, 0312 32 52 32;
• №7 ҮМБ: 0990 88 80 72, 0312 66 20 44;
• №14 ҮМБ: 0990 88 80 73, 0312 67 82 74;
• №16 ҮМБ: 0990 88 80 74, 0312 54 13 09.

Свердлов райондук БҮМБ: 0701 10 30 02, 0312 63 51 23;
• №4 ҮМБ: 0701 10 30 01, 0312 43 40 07;
• №8 ҮМБ: 0701 10 30 03, 0312 43 39 07;
• №9 ҮМБ: 0701 10 30 04, 0312 36 88 30;
• №10 ҮМБ: 0701 10 30 07, 0312 38 78 14.

Пикир

Оставить комментарий