• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сасык тумоодон тез арылуунун 5 натыйжалуу ыкмасы

Дүр дүйнө 0

Сасык тумоонун мезгили келди. Эгерде кокусунан сизге сасык тумоо жармашып, чүчкүрүп, мурдуңуз бүтүп, жөтөлүп баштасаңыз дароо бул оорудан айыгуу аракеттерин көрүңүз. Ооруну өтүштүрүп жибербестен, башталганын сезгениңизде дароо өзүңүздүн саламаттыгыңыз үчүн кам көргөнүңүз жакшы.

Мен мисалы бир нече медициналык эмес таасирдүү ыкмаларды тандап алгам.

1. Мурунга сарымсак тамчылатуу.

Сасык тумоонун алгачкы белгилери байкалары менен мен түнкүсүн мурдума сарымсакты кесип салып коем. Мурун көңдөйүнүн бетин күйгүзүп албас үчүн сарымсактын кесиндилерин бинт менен ороп коюу керек. Эгерде бул ыкма убагында жасалса, анда оорунун белгилеринен арылууга бир түн жетиштүү. ошондой эле сарымсактын ширесин тамчылатып коюу да натыйжалуу келет.

Эскертүү: Бирок сарымсакты мурунга салып жатуу ыңгайсыздык жаратат десеңиз, уйку алдында бир нече саатка салып жүргөнүңүз да таасир берет.

2. Үч тарелка бал

Бул ыкма таң калычтуу болгону менен натыйжалуу. Аны тамак жаңыдан ооруп баштаганда колдонуу зарыл. Ал үчүн кадимки жалпак тарелканы аласыз да, бетине жука бал сүйкөп чыгасыз. Андан соң балдын баарын тарелканын бетинен тилиңиз менен жалашыңыз керек. Бул учурда сиздин тамагыңызга бал толук сүйкөлөт. Бир күнгө ушундай үч тарелка сиздеги сасык тумоо сен көр, мен көр жоголмокчу.

3. Тамакты туз, сода, йод аралашмасы менен чайкоо

Бул ыкма сасык тумоонун башталышында жана өтүшүп кеткен абалында да таасирдүү. Бул аралашма деңиз суусу сыяктуу болуп калат. Мен аны төмөнкүдөй даярдайм, бир стакан кайнак сууга 1 чай кашык туз, жарым чай кашык сода жана суу мала күрөң тукө жеткидей бир нече тамчы йод кошом. Канчалык көп жолу чайкасаң, ошончолук жакшы.

Эскертүү: Ушул эле аралашма менен мурун көңдөйүн чайкоого болот. Ал үчүн алканыңызга аралашманы алып, манжа менен мурунуңуздун бир жагын жаап, экинчисине тартып, кайра чыгарасыз. Ошентип мурунуңуздун эки жагына тең аз болгондо 3 жолудан жасасаңыз сөзсүз жардам берет.

4. Итмурунду демдөө

Жакшы, эски эмес итмурунду сатып аласыз да, аны кайнак сууга термоско түнгө калтырып демдеп коесуз. Таасирин жогорулатуу үчүн итмурун мөмөсүн майдалап койсоңуз болот. Бир күндө 3 стакандан кем эмес ичүү керек. Ушул сыяктуу эле башка чөптөрдөн демдеп ичүүгө болот.

5. Малина

Малина – эң мыкты табигый антибиотик. Чоң энелерибиздин текшерилген рецепттеринин негизинде малина кыямын колдонууга болот. Бирок жакшысы жаңы терилген же тоңдурулган малина сатып алып, демдеңиз. Ошондой эле кургатылган түрүн да колдонууга болот.

Ал эми сиздин, урматтуу окурман, өз тажрыйбаңызда колдонгон таасирдүү ыкмаларыңыз болсо, биз менен бөлүшүңүз жана оорубай жүрүңүз!

Пикир

Оставить комментарий