• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сасык тумоодон улам Россияда мектептер жабылууда

Дүйнө 0

Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. Россиянын Ульяновск облусунда сасык тумоодон улам мектептер бир жумага карантинге жабылууда. Бул тууралуу РИА Новости билим берүү министрлигине шилтеме берип жазууда.

“Аймакта саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Инна Чигиреванын төрагалыгы алдында санитардык-эпидемияга каршы комиссиянын отуруму өтүп, жыйынтыгында региондогу мектептерде 13нөн 19-февралга чейин окуу процессин токтотуу чечими кабыл алынган”, - деп берилет маалыматта.

Ульяновск облусунда 4нөн 10-февралга чейин сасык тумоо менен 10 миң 212 учур катталган. Мурунку жума менен салыштырмалуу сасык тумоо менен ооругандардын саны дээрлик 21,9%га чейин өскөн. 132 адам ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий