• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сасык тумоого каршы эмдөө. Биринчи этап менен сатылып алынган вакциналардын 100%га жакыны колдонулду

Ден соолук 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Сасык тумоого каршы эмдөө үчүн биринчи этап менен сатылып алынган вакциналардын 100%га жакыны колдонулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчи этап менен 119 миң 643 сасык тумоого каршы вакцинанын дозасы сатылып алынган. Бүгүнкү күндө вакцинанын 118 миң 682 дозасы же 99,2%ы колдонулду. Октябрь айында сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 770 миң дозасы келери күтүлүүдө.

Бөлүштүрүү планга ылайык, төмөнкүдөй жүрдү:

-Бишкек шаары – 27 миң;
-Чүй облусу – 24 миң;
-Ош шаары – 5 миң;
-Ош облусу – 18 миң;
-Жалал-Абад облусу – 17 миң 643;
-Баткен облусу – 9 миң;
-Ысык-Көл облусу – 9 миң;
-Нарын облусу – 5 миң;
-Талас облусу – 5 миң доза.

Эскерте кетсек, республиканын бардык ҮМБларында (ҮБДТ, ФАП) тобокел тобуна кирген адамдарга, ошондой эле социалдык аярлуу топко кирген (өнөкөт оорулары барлар, көп ооруган балдар, 65 жаштан жогору адамдар, кары үйлөрүнүн жашоочулары, кош бойлуу аялдар, медициналык кызматкерлер, мектеп-интернатында, балдар үйүндө тарбияланган балдар) адамдарга сасык тумоого каршы акысыз вакцинация жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий