• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРВИ жана сасык тумоонун өсүшү. "118 ыкчам байланыш" кызматы иш алып барууда

Ден соолук 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда жугуштуу оорулардын саны кескин өсүп жаткандыгына байланыштуу "118 ыкчам байланыш" кызматы иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыкчам байланыш аркылуу жарандар алгачкы медициналык жардам ала алат.

"Бүгүнкү күндө "118 ыкчам байланыш" Бишкектеги 4 колл-борбордо күн сайын саат 09.00 дөн 18.00гө чейин иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Муниципалитеттен белгилешкендей, "118" ишеним телефону Бишкектин ооруканаларын ишин жеңилдетти. Күнүнө линияга 40-60ка чейин чалуулар келип түшөт. Адистин кеңешин угуп, жабыркагандарга биринчи кезекте психологиялык жардам көрсөтүлүп, стресстен арылышат. Андан кийин операторлор кайсы дары-дармектерди ичип, кайсынысын ичпеш керек экенин, өзүн-өзү дарылабоо керек экендиги тууралуу кеңештерди берет.

Бишкектиктер төмөнкү жардамдарды алуу үчүн ишеним телефонуна кайрыла алат:

  • Жугуштуу оорулар, КРВИ, COVID-19 жана башка оорулар боюнча алгачкы медициналык консультация;
  • Бейтаптын абалына онлайн режиминде тез клиникалык баа берүү жана зарыл болгон учурда жетекчилик берүү;
  • Ошондой эле кызмат үй-бүлөлүк дарыгерлер жана алардын иш тартиби боюнча жумушчу маалыматтарды берет.

Пикир

Оставить комментарий