• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акын, сатирик Жолочу Рысбаевге Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу наамы тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда Ысык-Көл облусунун башчысы Мирбек Кожоев маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын, сатирик Жолочу Рысбаевдин Бишкек шаарындагы үйүнө барды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кожоев куйкум сөздүү акындын ал-акыбалын сурап, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата берилген Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу наамын тапшырды.

Белгилей кетсек, Жолочу Рысбаев Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылынын кулуну.

Пикир

Оставить комментарий