• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сатурация деген эмне?

Ден соолук 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Сатурация (Каныктыруу) - суюктукту газдар менен каныктыруу. Адатта, гемоглобиндин кычкылтек менен каныгышы 96-98%ды түзөт. Коронавирус дем алуу системасын жабыркатканда, кандагы газ алмашуу жана кандагы көмүр кычкыл газынын жана кычкылтектин балансы бузула баштайт.

Мындай абалдын пайда болуу коркунучун алгачкы этаптарда аныктоого - пульсоксиметр мүмкүндүк берет.

Светодиоддору бар сенсор манжанын үстүнө басат. Жарык кан жана жумшак ткандар аркылуу өткөндө, анын жарым-жартылай сиңиши пайда болот, бул кандагы кычкылтекти аныктоого мүмкүндүк берет.

Алынган маалыматтар түзмөктүн дисплейинде сандар түрүндө көрсөтүлөт. Эгер каныккандык 94-95% дан төмөн болсо, доктурга кайрылуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий