• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сатуудан алынуучу салыктын жогорулашынан кичи жана орто бизнес зыян тартпайт - Панкратов

Экономика 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Сатуудан алынуучу салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу демилгеси орто жана кичи бизнестин ишкерлерине тиешелүү эмес. Анын максаттуу тобу ири соода ишканалары болуп эсептелет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Ведомство сунушу жөнүндө айтып жатып ал кичи жана ири бизнес өлкөдө өзгөчө салык режиминде иштей турганын белгиледи. Бул патент же бирдиктүү салыкты төлөө.

“Аларга аталган өзгөрүүнүн эч кандай тиешеси жок. Аймактар жөнүндө айтсак, ал жактагы инфраструктура максатка туура келбейт”, - деди министр.

Министр айткандай, сатуудан алынуучу салыкты жогорулатуу демилгеси накталай эсептерге гана тиешелүү. Накталай эмес төлөмдөрдү акча которуу, электрондук капчык, пост-терминал же башка ыкма аркылуу ишке ашырууда акча алынбайт.

“Кеп болуп жаткан максаттуу топ бул чекене соода эмес: кичи ишканалар, кичи базарлар жана башкалар. Бул - накталай эмес төлөмдүн талаптарын техникалык аткаруу эч кандай маселе жаратпай турган ири дүкөндөр, орто жана ири дүңүнөн соода кылуу”, - деди Панкратов.

Ал белгилегендей, 2016-жылдан тарта ушул сектордогу накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү 10 пайызга көбөйгөн. Министрликтин сунушу ишкерлерди алдыда ушундай эсептөө ыкмасына өтүүгө стимулдаштырууну көздөйт.

Эгерде 2015-жылы накталай эмес төлөмдүн үлүшү 35,3 пайызды түзсө, ушул жылдын биринчи кварталында 44,2 пайызды түздү. Панкратовдун а йтымында, ведомствонун алдын ала божомолу боюнча сатуудан алынуучу салыктын баасынын жогорулашы үч жылдын ичинде аталган көрсөткүчтү 80-90 пайызга көбөйтүшү мүмкүн. Ошондой эле өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмүн көлөкөдөгү экономиканы кыскартунун эсебинен эки эсеге жогорулатышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий