• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сатып алуулар боюнча сынактын катышуучулары салык карызынын жоктугу тууралуу маалыматты электрондук түрдө алса болот

Экономика 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар боюнча сынактын катышуучулары, башкача айтканда, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр салык карызынын жоктугу жөнүндө маалыматты (маалымкат) электрондук түрдө ала алышат.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, автоматташтырылган системанын иштеп баштагандыгынан улам мамлекеттик сатып алуулар сынагына катышуучулардын салык органына келүү зарылдыгы жок, анткени алар сынактык табыштамаларды Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу толтурууда салык карызы тууралуу маалымкатты онлайн түрүндө ала алышат.

Сынактын катышуучусу (жеткирүүчү) конкурстук табыштаманы толтурууда Мамлекеттик сатып алуулар сайтынан "Квалификациялык талаптар" менюсуна кирип, "Конкурстун катышуучулары Кыргыз Республикасында салыктарды төлөө боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарышы керек" деген пунктун тандап алышы керек. “МСКга суроо-талап кылуу” кнопкасын басканда ачылган терезеден система автоматтык түрдө салык карызынын абалы тууралуу МСКнын маалыматтар базасынан маалымат берет.

Белгилей кетсек, карыз казыналык органдары тарабынан ырасталганда төлөндү деп эсептелет, ошону менен бирге салыктык төлөөлөр жөнүндө маалыматтар жеткирүүчү (подрядчы) салык төлөмдөрүн төлөгөн учурдан тартып 2-3 иш күндүн ичинде МСКнын системасында чагылдырылат. Ушуга байланыштуу, жеткирүүчүлөрдөн (подрядчылардан) тиешелүү карыздарын алдын-ала төлөөнү суранабыз.

Эске салсак, Салык кызматы калкка көрсөтүлүүчү электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү боюнча иштерди "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" Санариптик трансформациясынын концепциясын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий