• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сатывалдиев Сокулук районунун акими болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек,07.06.19./Кабар/. Сатывалдиев Асылбек Владимирович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Сокулук районунун жаңы акимин райондук администрациянын жамаатына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүм башчысынын орун басары Жетиген Бакиров тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий